Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Июнь айынын экинчи жарымындагы аптаптуу ысыктан улам Европада 10 миңге жакын адам каза болгон болушу мүмкүн. Бул тууралуу БЕЛТА агенттиги ТАССка шилтеме берүү менен Европанын өлүм-житимди мониторингдөө борборунун маалыматына таянып жазды.
Адистердин талдоосуна ылайык, быйылкы жылдын 26-жумасында Европа өлкөлөрүндө бардык курактагы адамдар арасында ашыкча өлүм көрсөткүчү 10 миңден ашык учурга көбөйгөн. Алардын 9 миңден ашыгы 65 жаштан жогорку адамдар болгон.
Эң жогорку ашыкча өлүм көрсөткүчү Бельгия жана Францияда катталган. Ал эми Испания, Нидерланд жана Швейцарияда көрсөткүч орточо деңгээлде өскөн.
Аптаптуу ысык Европаны июнь айынын экинчи жарымында каптап, айрым өлкөлөрдө абанын температурасы 40 градустан ашкан.
Ошондой эле Copernicus климатты мониторингдөө боюнча европалык кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын июнь айы метеобайкоолор жүргүзүлгөн тарыхтагы эң ысык биринчи жай айы катары катталды.