Европада токойлордогу өрт 3 млрд евродон ашык зыян келтирди

Дүйнө Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 15:25
WhatsApp Image 2026-08-04 at 08.39.51.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Жыл башынан бери Европа биримдигинин эң көп жабыркаган беш өлкөсүндөгү токой өрттөрүнүн чыгымы 3,1 млрд евродон ашты, деп билдирет Kaзинформ.

Маалыматка ылайык, Франция, Испания, Португалия, Греция жана Румыниядагы токойлордогу өрттөр жана ысык аптап кеминде 3,1 млрд евро зыян келтирген.

Токойлордогу өрттөр башталгандан бери беш Европа өлкөсүндө дээрлик жарым млн гектар жерди жок кылды.

Бирок, эксперттер акыркы экономикалык зыян бир топ жогору болорун белгилешет. Камсыздандыруу компаниялары, ишканалар жана жеке менчик ээлери мүлк зыянына, түшүмдүн жоготууларына жана туризмден түшкөн кирешенин азайышына байланыштуу жоготууларды эсептөөнү улантууда.

Жиронда соода-өнөр жай палатасынын маалыматы боюнча, өрттөр кеминде 40 миң компанияга түздөн-түз таасирин тийгизди, алардын 19 500ү ишин токтотту.