Европада күн жана шамал энергиясын колдонуу кескин өстү

Дүйнө Загрузка... 06 Июль 2026 12:40
Wind_Power.webp
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Европа биримдигинде жаратылыш газын жана кайра калыбына келүүчү ("жашыл") энергия булактарын колдонуунун көлөмү бир убакта өстү, ал эми көмүр менен мунай өнүмдөрүн керектөө кыскарды. Бул тууралуу Евростаттын алдын ала маалыматтарына таянуу менен АЗЕРТАЖ жазды.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы Евробиримдикке жаратылыш газын жеткирүү 2024-жылга салыштырмалуу 2,3%га өсүп, 13,1 млн терраджоулду түздү. Ошол эле учурда өндүрүлгөн жалпы электр энергиясынын 47,2%ы дал ушул кайра калыбына келүүчү энергия булактарына туура келди.

Ал эми көмүрдү керектөө 1990-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүчкө түшүп, төмөндөөсүн улантты. Мунай өнүмдөрүн колдонуу 2,8%га азайса, атомдук энергияны өндүрүү бир аз гана – 0,2%га өскөн.

Венгриянын энергетикалык клубунун эксперти Андраш Пергер белгилегендей, Европада күн жана шамал энергетикасынын ролу туруктуу өсүүдө. Маселен, Венгрияда эле күн станцияларынын кубаттуулугу 8,5 ГВтга жетип, энергия тутумунун туруктуулугун бекемдеди. Бирок эксперт кыш айларында газга болгон көз карандылык дагы эле жогору экенин жана климаттык максаттарга жетүү үчүн "жашыл" энергетикага өтүү темпи дагы деле жетишсиз болуп жатканын баса белгиледи.