Европада күн панелдеринен алынган электр энергиясы рекорд жаратты

Дүйнө Загрузка... 14 Июль 2026 17:20
17840208623539727426_1200x630.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Өткөн айда Европа биримдигинде өндүрүлгөн жалпы электр энергиясынын 25 пайызын алгачкы жолу күн энергиясы түздү. Бул көрсөткүч күн энергиясынын көлөмү боюнча атом, газ, шамал жана гидроэнергетиканы артта калтырганын билдирет.

"Ember" аналитикалык борборунун маалыматына таянып АЗЕРТАДЖ жазгандай, июнь айында күн энергиясы рекорддук деңгээлдеги 52 тераватт-саат (ТВт/ч) электр энергиясын өндүргөн. Бул жалпы көлөмдүн 25 пайызына барабар. Ал эми атомдук энергетикага 21 пайыз, газга 15 пайыз, шамал энергиясына 14 пайыз жана гидроэнергетикага 12 пайыз үлүш туура келди.

Салыштырмалуу алсак, 2021-жылдын июнь айында күн энергиясы жалпы электр энергиясынын 10 гана пайызын камсыз кылган. Акыркы жылдары энергиянын бир дагы башка булагы мындай тез өсүштү көрсөткөн эмес. "Ember" борборунун адистери муну күн панелдеринин массалык түрдө орнотулушу менен байланыштырышууда.

Талдоочулар жашыл энергетиканын бул булагынын өсүшүн "чыныгы феномен" деп атап, күн энергиясы учурда Европадагы энергетикалык тутумдун ажырагыс бөлүгүнө айланганын белгилешет. Алсак, июнь айында Испания менен Германияда өндүрүлгөн электр энергиясынын үчтөн биринен көбү күн панелдерине туура келсе, Нидерландыда бул көрсөткүч 34,1 пайызды түзгөн.