Европа биржаларында газдын баасы 20 пайызга кымбаттады

Дүйнө Загрузка... 02 Март 2026 16:15
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Лондондогу ICE биржасынын маалыматтарына ылайык, бүгүн Европада газдын баасы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам сооданын ачылышында дароо 20 пайызга жогорулады.

ТАСС агенттиги кабарлагандай, Нидерландыдагы TTF хабында апрель айындагы фьючерстердин баасы 1 миң куб метр үчүн болжол менен 470 долларга же 1 МВт/саат үчүн 38,67 еврого чейин өстү.

Европадагы газдын котировкалары ушуну менен январь айынын аягынан берки эң жогорку чекке жетти.