Европа жана Түндүк Америкада 6 млн гектарга жакын токой өрттөндү

Дүйнө Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 13:00
514515623_1140188011482972_292825392620894393_n.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. 2026-жылдын башынан бери Европа жана Түндүк Америкада токой өрттөрүнүн кесепетинен 6 млн гектарга жакын токой аянты күйүп кетти. Бул тууралуу БУУнун Европа экономикалык комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Европада өрттөнгөн токой аянты 434 миң гектардан ашты. Франциянын Жиронда департаментинде дээрлик 42 миң гектар карагай токою күйүп, миңдеген тургундар жана туристтер коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Испанияда өрттөнгөн аймак 200 миң гектардан ашты.

Түндүк Америкада өрттүн масштабы дагы чоң болууда. АКШда дээрлик 1,85 млн гектар, Канадада 3,8 млн гектарга жакын токой күйгөн.

БУУнун Европа экономикалык комиссиясы токой өрттөрүнүн көбөйүшүнө ысык аба ырайы, узакка созулган кургакчылык жана климаттын өзгөрүшү таасир берип жатканын белгиледи. Адистердин айтымында, токой өрттөрүнүн болжол менен 90 пайызы адам факторунан улам келип чыгат.

Уюм өрттөрдүн алдын алуу үчүн токойлорду туура башкаруу, эрте аныктоо системаларын колдонуу жана өрт коопсуздугу эрежелерин сактоо маанилүү экенин белгиледи.