Европа биримдигинде мигранттардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти

Дүйнө Загрузка... 24 Апрель 2026 10:40
WhatsApp Image 2026-04-24 at 08.54.59.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. 2025-жылы Европа биримдигинде жашаган мигранттардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетип, 64,2 миллионду түздү. Бул тууралуу Kazinform агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 2010-жылы бул көрсөткүч болжол менен 40 миллионду түзгөн. Ошентип, акыркы 15 жылдын ичинде Европа биримдигиндеги мигранттардын саны 60%дан ашык өскөн.

Негизги көрсөткүчтөр:

  • Германия мигранттар эң көп отурукташкан өлкө бойдон калууда, дээрлик 18 млн адам. Алардын 72%ы эмгекке жарамдуу курактагылар. Ошондой эле Германия эң көп качкын кабыл алган өлкө (2,7 млн).
  • Испания акыркы жылдары эң тез өсүштү көрсөтүп, мигранттардын саны 700 миңге көбөйүү менен 9,5 миллионго жетти.
  • Иммигранттардын жалпы калкка карата эң жогорку үлүшү Люксембург, Мальта жана Кипрде байкалат.

Башпаанек сурагандардын дээрлик төрттөн үч бөлүгү Испания, Италия, Франция жана Германияга туура келет.