Евробиримдикте жаратылыш газынын баасы дээрлик 90%га жогорулады

Дүйнө Загрузка... 10 Март 2026 09:30
WhatsApp Image 2026-03-10 at 08.43.44.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Европа биримдигинде жаратылыш газынын баасы Ирандагы кырдаалдан улам дээрлик 90%га жогорулады. Бул тууралуу Коммерсант гезити жазды.

Маалыматка ылайык, Мыйзам чыгарууну ишке ашыруу жана жөнөкөйлөтүү боюнча Европа комиссары Пьер Граменья басма сөз жыйынында билдиргендей, Жакынкы Чыгыштагы окуяларга чейин газдын баасы өтө төмөн болгон жана кырдаал баалардын кескин жогорулашына жарым-жартылай таасир тийгизди.

Еврокомиссар учурда европалык акциялар болжол менен 9%га төмөндөгөнүн, ошол эле учурда евронун долларга карата болжол менен 2%га алсыраганын белгиледи.

"Геосаясий кырдаал башталганга чейин инвесторлор Европа биримдигинин экономикалык өсүү келечегине оң көз карашта болушкан. Жакынкы Чыгыштагы кырдаал убактылуу деп ойлойбуз", - деди ал.

Нидерланддагы TTF хабында апрель айындагы жаратылыш газынын баасы 27-февралда 1 МВт/саат үчүн 31,9 евродон сатылган. 9-мартта соода аяктаганда баасы 1 МВт/саат үчүн 56,4 еврону түздү.