Евробиримдик жаштарга 40 миң акысыз поезд билетин сунуштайт

Дүйнө Загрузка... 21 Апрель 2026 09:25
WhatsApp Image 2026-04-21 at 09.16.08.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 21.04.26 /Кабар/. Евробиримдик жаштар үчүн DiscoverEU программасына жаңы кабыл алууну жарыялап, 18 жаштагы жарандарга 40 миң акысыз темир жол билеттерин ойнотот. Бул тууралуу DWге таянып, Kazinform билдирет.

Маалыматка ылайык, билеттерди ойнотууга 2007-жылдын 1-июлунан 2008-жылдын 30-июнуна чейин төрөлгөн, Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн же айрым өнөктөш мамлекеттердин (Норвегия, Исландия, Түркия) жарандары же ошол жакта жашоого уруксаты бар жаштар катыша алышат.

DiscoverEU программасынын алкагында катышуучулар Европаны поезд менен кыдырып, ар түрдүү шаарлар жана маданияттар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Сапар дээрлик акысыз же минималдуу чыгым менен ишке ашат.

Мындан тышкары, жеңүүчүлөргө жатакана, музейлер, маданий иш-чаралар жана спорт объектилерине барууда ар кандай арзандатуулар берилет.

Тандоо эки этап менен жүргүзүлүп, алгач онлайн-викторинадагы жооптор бааланат, андан кийин катышуучулардын саны көп болсо, ийгиликтүү өткөндөрдүн арасында туш келди тандоо өткөрүлөт.

DiscoverEU Pass проезднойу бир айлык мөөнөткө берилип, бирок аны колдонуу жети күн менен чектелет. Катышуучулар атайын DiscoverEU Travel тиркемеси аркылуу маршрутун өз алдынча түзүп, Европанын каалаган багыттарын тандай алышат. Саякатты жалгыз же беш кишиге чейинки топ менен жасоого болот.

Адатта эң популярдуу багыттарга Италия, Франция, Испания, Германия, Нидерланды, Чехия жана Австрия кирет.