Эски аэропорттун диспетчердик мунарасы авиадиспетчерлердин музейине айланды

Коом
WhatsApp Image 2026-10-27 at 13.02.04.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-27 at 13.03.15.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-27 at 13.03.05.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-27 at 13.02.57.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-27 at 13.02.51.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-27 at 13.02.45.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-27 at 13.02.40.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-27 at 13.02.33.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-27 at 13.02.29.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Жарандык авиация кызматында авиадиспетчерлер үчүн түзүлгөн музей менен Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында тааныштырды.

Бостоновдун белгилешинче, бул музейдин имараты Бишкектеги эски аэропорттон сакталып калган имараттардын бири болуп саналат. Совет мезгилинде анда авиадиспетчерлер иштеген.

“Үч жыл мурун биздин команда агенттикке келгенде, имараттын ичи жыгач менен тосулуп, полу топурак болгон абалда болчу. Биз аны биргелешип калыбына келтирип, авиадиспетчерлердин тарыхын чагылдырган музейге айланттык. Адатта жарандык авиациянын жалпы тарыхына арналган музейлер түзүлөт, ал эми бул музей Кыргызстандын авиадиспетчерлеринин ишине жана тарыхына арналган”, — деди ал.

Мындан тышкары, ал өлкөдө жаңы экинчи радиолокаторду киргизүү иштери жүрүп жатканын маалымдады. Радиолокатор авиадиспетчерлерге аба кемелеринин жайгашкан жерин, ылдамдыгын жана бийиктигин аныктоого мүмкүндүк берет.

17 жыл авиадиспетчер болуп иштегенин белгилеген Бостонов музейди түзүү ал үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады.