19-октябрь Эсептөө палатасынын түзүлгөн күнү катары тарыхта өзгөчө орунду ээлейт. Бул күн мамлекеттин каржы тармагындагы ачык-айкындык, эффективдүүлүк, жоопкерчилик жана эл алдындагы ишеним сыяктуу эң жогорку баалуулуктарды бекемдөөгө багытталгандыгын белгилеп турат.
Тарыхтан туруктуулукка
Эсептөө палатасынын тарыхы эгемендүү Кыргызстандын калыптануу жана өнүгүү тарыхы менен тыгыз байланышта. 1992-жылы Контролдоо палатасы катары түзүлүп, жаңыдан калыптанып келе жаткан мамлекеттин каржы ресурстарын туура жана эл кызыкчылыгына ылайык пайдалануу боюнча көзөмөл жүргүзө баштаган. Бул көзөмөл органдын негизги максаты ар бир сомдун артында турган элдин эмгеги менен ишенимин сактап калуу болчу.
1996-жылдын 19-октябрында кабыл алынган “Эсептөө палатасы жөнүндө” мыйзам менен мекеменин жаңы укуктук статусу аныкталып, көз карандысыз мамлекеттик аудиттин жогорку органы катары ишин баштаган. Бул мамлекетте ачык-айкын башкаруунун жана мыйзам үстөмдүгүнүн институттук негиздерин түптөгөн чечүүчү кадам болгон.
2000-жылы Финансылык көзөмөлдөө мамлекеттик инспекциясынын функциялары Эсептөө палатасына өткөрүлүп, анын ыйгарым укуктары кеңейген. Ошондон тартып палата өлкөнүн финансы системасында жогорку мамлекеттик көзөмөлдүн жана туруктуулуктун кепилдигине айланган.

Ак ниеттик жана кесипкөйлүктүн мектеби
Эсептөө палатасы – жөн гана аудит жүргүзүүчү орган эмес, бул мамлекеттин ак ниеттикке багыттаган мектеби. Анын ар бир кызматкери – өз ишин сүйгөн, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон адис. Ар бир аудит жөн гана эсеп же документ эмес, бул жоопкерчилик жана ак ниет менен иш алып баруунун үлгүсү. Палата өз ишин мыйзамдуулук, объективдүүлүк, көз карандысыздык жана айкындык принциптерине таянып жүргүзөт. Бүгүнкү күндө Эсептөө палатасы өлкөнүн бюджеттик системасындагы тартиптин жана акыйкат баалоонун кепилдиги катары таанылды. Ал мамлекеттин ар бир каражатынын тагдырын көзөмөлдөп, элдин ишенимине жооп берүүдө.
Эл аралык кадыр-барк жана өнүгүү жолу
Эсептөө палатасы — дүйнөлүк аудиттик коомчулуктун активдүү мүчөсү. Ал төмөнкү эл аралык уюмдардын курамында өзүнүн ордун бекемдеди:
- INTOSAI — Аудиттин жогорку органдарынын эл аралык уюму
- ASOSAI — Азиялык уюм,
- ECOSAI — Экономикалык кызматташуу өлкөлөрүнүн АЖО уюму,
- КМШ, ШКУ, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Аудиттин жогорку органдарынын кеңештери.
Бул эл аралык алакалар жөн гана формалдуу мүчөлүк эмес, бул жаңы билимдерге жетүү, мыкты тажрыйба топтоо жана улуттук аудит маданиятын өркүндөтүү мүмкүнчүлүгү экенин көрсөтүүдө. 2021-жылдан тартып палата Аудиттин эл аралык стандарттарын (ISSAI) толук колдонууга өттү. Бул Кыргызстандын мамлекеттик аудит системасы дүйнөлүк талаптарга жооп бере баштаганынан кабар берет.

Конституциялык мыйзам жана ачык-айкын отчёттуулук
2023-жылы кабыл алынган конституциялык мыйзам Эсептөө палатасынын укуктук статусун жана функцияларын так аныктап, анын уюштуруучулук жана финансылык көзкарандысыздыгын бекемдеди. Эми анын бардык аудиттик жыйынтыктары ачык түрдө расмий сайтында жарыяланат, бул эл алдындагы отчёттуулук маданиятын жаңы деңгээлге чыгарган чоң жетишкендик. 2024-жылы эле Эсептөө палатасы мамлекеттик жана расмий тилдерде 180ден ашуун маалымат жарыяласа, 2025-жылдын 9 айынын ичинде расмий сайтына 90 маалымат жарыялап, коомчулук менен өз ара ачык байланыш жүргүздү.
Акыркы мөөнөттөгү жетишкендиктер жана көрсөткүчтөрү
2024-жылга карата Эсептөө палатасы тарабынан 88 аудитордук иш-чара жүргүзүлүп, ага 1 848 объект камтылган. Алардын ичинен:
- 1 150 – бюджеттик мекеме,
- 351 – чарба жүргүзүүчү субъект,
- 339 – жергиликтүү бюджеттик уюм.
Жыйынтыгында 13,1 млрд сом суммасында калыбына келтирүүгө тийиш болгон финансылык тартип бузуулар аныкталган, анын 76,3% (10 млрд сом) калыбына келтирилген.
Мындан тышкары, 88,6 млрд сом өлчөмүндө кошумча бюджеттик резервдер жана 29,9 млрд сом натыйжасыз пайдаланылган ресурстар аныкталган.
2025-жылдын 9 айында бул көрсөткүчтөр дагы жогорулады:
- 73,2 млрд сом суммадагы финансылык бузуулар аныкталып, анын 88,8% (64,9 млрд сом) калыбына келтирилди.
- 84,5 млрд сом резервдик мүмкүнчүлүктөр жана 11,3 млрд сом натыйжасыз пайдаланылган ресурстар аныкталган.
Бул фактылар Эсептөө палатасынын ишинин натыйжалуулугун жана мамлекеттик ресурстарды коргоодогу чыныгы таасирин айгинелейт.

Санариптик өнүгүү жана инновация
Эсептөө палатасы — өлкөдөгү мамлекеттик органдардын ичинен санариптик аудит системасын активдүү өнүктүрүп жаткан алдыңкы мекемелердин бири.
2023-жылы мекеменин ичинде Санариптик өнүктүрүү бөлүмү түзүлүп, бузуулардын автоматташтырылган классификатору, 1С 8.3 негизиндеги веб-интерфейстик маалымат системасы, автоматташтырылган тестирлөө тутуму ишке киргизилди. Бул системалар кадрларды тандоонун ачык-айкындыгын камсыздап, аудиттик процесстердин сапатын жана ыкчамдуулугун жогорулатууда.
Стратегиялык өнүгүүсү жана келечек багыты
Эсептөө палатасынын 2022–2026-жылдарга карата Стратегиялык өнүгүү планы уюмдун алдына эки негизги максат коёт:
- Мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу, ачык-айкын жана отчёттуу башкаруу;
- Эсептөө палатасын коомчулук ишенимине ээ кесипкөй уюм катары чыңдоо.
Бул максаттардын алкагында мекеме:
- аудитти эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүү,
- методологиялык базаны өркүндөтүү,
- коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана алдын алуу,
- укук коргоо органдары менен өз ара аракетти күчөтүү,
- аналитикалык отчётторду коомчулукка жеткирүү иштерин жүргүзүп келет.

Элдин ишеними — башкы көрсөткүч
Эсептөө палатасынын ар бир аудиттик жыйынтыгы — бул эл алдындагы жоопкерчиликтин көрүнүшү. Анын иши өлкөнүн өнүгүүсүнө кызмат кылат, мамлекеттин ар бир каражаты натыйжалуу пайдаланылышына көмөк көрсөтөт. Бүгүн мекеме туруктуу өнүгүүнүн, таза башкаруунун жана акыйкаттуулуктун символу.
Жыйынтык ордуна ишеним жана келечек
Убакыт өтөт, мыйзамдар өзгөрөт, бирок Эсептөө палатасынын миссиясы өзгөрбөйт:
- мамлекеттин ресурстарын эл кызыкчылыгына багыттоо;
- ачык-айкындыкты камсыз кылуу;
- туруктуу өнүгүүгө ишенимдүү кадам таштоо.
19-октябрь – Эсептөө палатасынын күнү — бул жоопкерчиликтин, адилеттүүлүктүн жана ак эмгектин күнү. Бул күнү Эсептөө палатасы ар бир мамлекеттик кызматкерди, ар бир адисти өз ишин сүйүүгө жана өлкөнүн келечеги үчүн таза кызмат кылууга чакырат.