Эрминио циклону: Грецияда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Дүйнө Загрузка... 03 Апрель 2026 09:38
WhatsApp Image 2026-04-03 at 09.14.37.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.04.26 /Кабар/. Грецияда аба ырайы кескин бузулуп, Эрминио аттуу күчтүү циклон өлкөнүн бир катар аймактарына олуттуу зыян алып келди. Сахара чөлүнөн келген чаң бороонунун таасиринен улам, Крит аралында асман кызыл-сары түскө боёлду. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Маалыматтарга караганда, катуу шамал, нөшөрлөгөн жамгыр жана сел каптоолор катталып, бир адам каза тапты. Куткаруучулар жүздөгөн чакырууларды кабыл алып, суу каптаган үйлөрдөн жарандарды эвакуациялоо жана жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланып, мектептер жабылды жана паромдордун иши токтотулду. Крит аралында абанын чаңга толушунан улам бир катар авиакаттамдар да убактылуу токтотулду. Синоптиктер айрым жерлерде күн күркүрөп, мөндүр жаашы мүмкүн экенин эскертишүүдө. Аттика аймагында, өзгөчө Афины шаарында жардам сурап кайрылгандардын саны кескин өстү.

Мындан тышкары, Порос аралында сел көпүрөнү жууп кетип, бир нече унааны агызып кеткен. Бир катар унаа жолдору жараксыз абалга келди. Учурда аба ырайы дагы деле туруксуз болуп, кооптуу шарттар сакталып жатат.