Эрдиги элдин эсинде... Кубат Жуматаев

Улуу Жеңишке 80 жыл Загрузка... 08 Май 2025 16:00
WhatsApp Image 2025-05-08 at 13.32.42 (1).jpeg
copyright icon WWW

Данияр Исанов

Бардык материалдар

Улуу Жеңишке салым кошкон кыргызстандык жүздөгөн баатырлар эч кимдикине окшобогон эрдиктерди жасашкан. Алар согуш талаасында ажалдан тайманбай, баскынчылардын мизин майтарып, кырчын курактарында өмүрлөрү кыйылган. Баатыр аталардын эрдигин кайрадан эске салуу ниетинде айрымдарынын жасаган кадамдарына токтоло кетүүнү эп көрдүк.

Айтылуу Кыргыз Эл акыны, согушта капитан наамына жетип, Европанын бир катар шаарларын басып өткөн Темиркул Үмөталиевдин поэмасынын баш каарманы Кубат Жуматаев Панфилов районуна караштуу Эркин-Сай айылында жарыкка келген. Мектепти аяктаган соң ал Жалал-Абаддагы педагогикалык училищеге тапшырып, аны ийгиликтүү аяктайт.

Улуу Ата Мекендик согуш башталганын радиодон уккан Кубат Жуматаев катуу кайгырып, мекенди коргоого аттанат. Согушта Түндүк Кавказда душмандар менен салгылашат. Тарыхый маалыматтарга караганда, ал 1942-жылдын 9-сентябрында гвардиянын саясий жетекчиси катары окко учкан командирдин ордун басып, ротаны жетектөөгө туура келет. Ошол күнкү кандуу кармашта анын ротасы үч айылды немистик баскынчылардан бошотуп, үч дөңсөөдөгү душмандын чыңдоосун талкалашкан. Фашистттик аскерлер аларга каршы он беш танка жана жүздөгөн жөө аскер менен чабуул коюп киришет. Кубат Жуматаев жетектеген рота душмандын үч танкасын жана сексенден ашык немистерди жок кылып, эки чабуулдун мизин майтарат. Душман үчүнчү жолу чабуулга өткөндө Кубат Жуматаев өзү жалгыз калат. Мындай кыйын кырдаалда калган Кубат чечкиндүү аракетке өтөт. Ошол саам заматта анын көз алдына Ата Журту, киндик кан тамган айылы, айылда калган атасы элес болуп көз алдына тартылат да, анан эркин жыйнап, өз тобундагыларга байланышка чыгып:

– Мен жалгыз калдым. Эч качан душман колуна тирүү түшпөйм! Менин сөөгүмдү ардактап көөмп койгула. Атама болсо менин жаткан жеримен кабар бергиле, – деген акыркы аманатын айтып, колундагы акыркы гранаталарын белине байлап, өзүн танк алдына таштап баатырларча курман болот.

Кубат Жуматаевдин бул эрдигине күбө болушкан куралдаштары Советтер Союзунун баатыры наамына көрсөтүшсө да, белгисиз бир себептер менен бул өтүнүч ишке ашпай кала берген. Кийинчерээк Кубат Жуматаев "Кызыл Туу" ордени менен сыйланганы жөнүндө маалыматтар табылган.