ЕРӨБ: Өзбекстандын экономикасы 2026-жылы 6,5% өсөт

Борбор Азия Загрузка... 05 Март 2026 09:55
eb_04 (1).webp
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 04.03.26. /Кабар/. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) 2026-жылга карата Өзбекстандын ички дүң продукциянын (ИДП) өсүү божомолун 6,5 пайызга чейин жогорулатты. Бул тууралуу банктын февраль айындагы аймактык экономикалык келечек боюнча баяндамасында айтылат. Мурдагы болжол 6 пайыз деңгээлинде болчу.

Банк маалымдагандай, 2025-жылы өлкө экономикасы 7,7 пайызга өсүп, 2024-жылдагы 6,7 пайыздык көрсөткүчтөн жогору болду. 2027-жылы өсүү темпи 6 пайызга чейин жайлашы мүмкүн экени белгиленет.

Баяндамада инвестициянын көбөйүшү жана реформалардын улантылышы өсүшкө негизги түрткү берип жатканы айтылат. Ошондой эле Өзбекстан АКШга экспорттун өсүшү боюнча алдыңкы орундардын бирин ээлеп, айрыкча баалуу металлдарды жеткирүү көбөйгөнү белгиленген.

Эл аралык каржы уюмдары да окшош божомолдорду беришүүдө: Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду 2026-жылы 6 пайыздык өсүштү күтсө, Азия өнүктүрүү банкы 6,7 пайыз деңгээлинде баалоо берген. Өкмөт болсо 6,6 пайыздык өсүштү болжолдоп жатат.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын сентябрь айында ЕРӨБ Кыргызстандын ИДП өсүшүн 6 пайыз деп болжолдосо, 2026-жылдын февралындагы жаңыланган баяндамасында бул көрсөткүчтү 9 пайыздан ашык деңгээлге жогорулаткан.