ЕРӨБ Өзбекстанда күн электр станциясын курууга 195,5 млн доллар бөлөт

Борбор Азия Загрузка... 19 Январь 2026 17:00
F_19.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 19.01.26. /Кабар/. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кашкадарья облусунда кубаттуулугу 300 мегаватт болгон күн электр станциясын жана 75 мегаватт-сааттык аккумулятордук сактагычты куруу жана иштетүү долбоорун каржылайт. Бул тууралуу банктын Ташкенттеги өкүлчүлүгү билдирди.

ЕРӨБ берген жалпы каржылоо көлөмү 195,5 млн АКШ долларына чейин жетет.

Каржылоо пакетине банктын 141,6 млн доллар өлчөмүндөгү насыясы жана 25 млн долларга чейинки кепилдиги кирет. Бул каражаттар Masdar компаниясына толук таандык болгон Nur Kashkadarya Solar PV FE LLC долбоордук ишканасына багытталат.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында Канаданын өкмөтү 20 млн долларга чейин жеңилдетилген каржылоо бөлөт. Финляндия өкмөтү Климаттык аракеттер боюнча атайын фонд аркылуу 5 млн доллар берет. Япония– ЕРӨБ кызматташтык фондунан жана ЕРӨБтын өз каражаттарынан кошумча 3,9 млн доллар каралган. Долбоорду Азия өнүктүрүү банкы да тең каржылашы күтүлүүдө.

Долбоор Өзбекстан өкмөтүнүн кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү багытындагы стратегиясына шайкеш келет. Ага ылайык, 2030-жылга чейин күн жана шамал электр станцияларынын жалпы кубаттуулугун 25 гигаваттка жеткирүү мерчемделген.

Белгилей кетсек, ЕРӨБ Өзбекстанда ишмердүүлүгүн баштагандан бери 204 долбоорго дээрлик 6,8 млрд АКШ долларын инвестициялаган. Каражаттардын басымдуу бөлүгү жеке секторду колдоого багытталган. Акыркы алты жылда Өзбекстан Борбор Азияда ЕРӨБтин эң ири каржылануучу өлкөсү болуп келет.