Ташкент, 23.02.26. /Кабар/. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Борбор Азия өлкөлөрүндө жана Монголияда кредиттик тобокелдикти бөлүшүү программасын кеңейтти. Бул тууралуу банктын Ташкенттеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Risk Sharing Framework (RSF) алкагында ЕБРР өнөктөш банктар тарабынан жеке секторго берилген насыялардын кредиттик тобокелдигинин 50 пайызына чейин өзүнө алат. Бул механизм банктарга чакан жана орто бизнести активдүү каржылоого мүмкүнчүлүк берип, ишкерлер үчүн каржы булактарына жетүүнү жеңилдетет.
2025-жылдын жыйынтыгында банк Борбор Азия жана Монголия боюнча 26 компания менен жалпы суммасы 28,5 млн еврону түзгөн 31 келишимге кол койгон. Колдоо негизинен кайра иштетүү өнөр жайы, тамак-аш өндүрүшү, агробизнес жана кызмат көрсөтүү тармагындагы ишканаларга багытталган.
Тактап айтканда, Кыргызстанда алюминий профилдерин өндүргөн Steelex компаниясы 4,8 млн АКШ доллары көлөмүндө каржылоо алса, HTI Group ишканасына жабдууларды жаңылоо үчүн 1,1 млн доллар насыя берилген. Өзбекстанда Trade Novatik компаниясы 1,1 млн евро насыя алып, өндүрүшүн кеңейтүүдө. Ошондой эле Silkway Color ишканасы 2,8 млн долларга энергия үнөмдөөчү басма жабдууларын сатып алды.
ЕРӨБ тобокелдикти бөлүшүү инструменттерин 2000-жылдардын башынан бери колдонуп келет. Бүгүнкү күндө банк Борбор Азияда 21 млрд евродон ашык суммага 1 250дөн ашуун долбоорду каржылаган.