Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. Нооруз майрамына карата бүгүн калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын бардык филиалдары штаттык режимде иш алып барат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, майрам күнү бардык райондук электр тармактарында ыкчам чыгуучу бригададан турган нөөмөт уюштурулду.
Мындан тышкары, кандайдыр бир өчүрүү катталса, авариялык абалды тез арада калыбына келтирүү үчүн атайын техника жана нөөмөттүк унаалар даярдалган, бригада керектүү жабдуулар менен камсыздалган.
Министрлик эгерде электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор пайда болсо, жарандар “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын күнү-түнү иштөөчү чалуу борборунун төмөнкү номерлерине кайрылса болорун белгиледи:
- 105,
- оператордун мобилдик номери: 0772 001209, 0556 001209,
- WhatsApp номер - 0702 001209.