Энергетика министри ири ГЭСтердеги аткарылып жаткан иштерди текшерди

Коом Загрузка... 07 Май 2025 14:24
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 07.05.25./Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна иш сапар менен барып, "Электр станциялар" ААКка караштуу ири ГЭСтердеги долбоорлордун ишке ашырылышы, 2025-2026-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери менен таанышты. 

Ведомстводон маалымдашкандай, министр алгач энергетика министри "Нарын ГЭС" ААК менен келишимдин негизинде "Астория Групп" компаниясы курган кум-шагыл чыгаруучу жана бетон чыгаруучу заводунун ачылышына катышты. Бул бетон заводдон чыгарылган материалдар Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш иштерине колдонулат.  

Ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы А.Түкебаев жана тийиштүү жетекчилер, энергетиктер катышты. 

Иш сапардын жүрүшүндө министр Ибраев Камбар-Ата-1 ГЭСине барып,  курулуп жаткан көпүрө, жол, тоннелди бетондоо иштери менен жеринде таанышты. Мындан тышкары, министр көпүрөнү куруп жаткан кытайлык подрядчылар менен жолугуп, долбоорду ишке ашыруу этабы, көпүрөнүн сапаты, алдыдагы пландар тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Подрядчылардын айтымында, көпүрөнү  куруу иштерин 2025-жылдын төртүнчү кварталында аяктоо пландалууда. Көпүрөнү кытайлык "Джан Хунту" компаниясы курууда. 

Ошондой эле энергетика министри Кара-Көл шаарына курулуп жаткан “ Электр станциялар” ААКтын эки кабаттуу административдик имаратынын курулуш иштери менен таанышты. Имаратты 2025-жылдын август айларында пайдаланууга берүү пландалууда. 

Энергетика министри иш сапардын алкагында Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатын реконструкциялоо иштерин текшерип, учурда аткарылып жаткан иштер тууралуу жеринде маалымат алды. 

"Электр станциялар" ААКтын директорунун айтымында, учурда гидроагрегатты демонтаждоо иштери толугу менен аяктап, монтаждоо жумуштары аткарылууда. 

Аны менен катар министр Ибраев Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегатынын реконструкциялоо иштерин текшерди. ГЭСтин директору жумуш графикке ылайык өз убагында бүткөрүлүп жатканын билдирди. Учурда демонтаждоо иштер аткарылып бүттү, гидроагерегатты ортотуу жумуштары башталууда. 

Энергетика министри быйыл мамлекет тарабынан ишке бериле турган 100 проектинин катарындагы энергетикалык обьектилерди өз көзөмөлүнө алып, "Электр станциялар" ААКтын башкы директоруна ГЭСтердеги гидроагрегаттарды реконструкциялоо иштерин графикке ылайык өз убагында бүткөрүүнү жана башка ГЭСтердин күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды