Энелер күнү: Эне сенден ким сыймыкты талашат…

Коом Загрузка... 17 Май 2026 10:00
4fe60e7a-70ea-4122-951a-14fbaadc2c43.jpg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 17.05.26 /Кабар/. Кыргызстанда 2012-жылдан тарта жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленип келет. Быйыл бул майрам 17-майга туура келди.

Эне — үй-бүлөнүн куту, коомдун тиреги. Энелердин мээнети, мээрими жана тарбиясы ар бир үй-бүлөнүн гана эмес, бүтүндөй мамлекеттин өнүгүшүндө маанилүү орунду ээлейт.

15-майда президент Садыр Жапаров көп балалуу энелерди сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койду. Ага ылайык, 7 жана андан көп баланы төрөп, тарбиялаган 1045 энеге “Баатыр эне”, ал эми 6 баланы төрөп, өстүргөн 1023 энеге “Эне даңкы” сыйлыктары ыйгарылды.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-январына карата өлкөнүн калкынын 3 млн 740 миңин аялдар түзгөн, бул жалпы калктын 50,2%на туура келет. Алардын ичинен 1 млн 635 миңден ашууну же болжол менен 44%ы шаарларда, ал эми 2 млн 105 миңи же 56%дан көбү айыл жерлеринде жашаган.

2024-жылы энелердин төрөт учурундагы орточо жашы 28,4 жашты түзгөн (2023-жылы — 28,3 жаш). Шаар жерлеринде бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу бир аз төмөндөп, 28,8 жаш болгон. Ал эми айыл жерлеринде тескерисинче өсүп, 28,3 жашты түзгөн.

2025-жылы 140,5 миңден ашуун аял эне болгон. Орточо эсеп менен аялдар биринчи баласын 23–24 жашында төрөшөт жана өмүрүндө орто эсеп менен үч балалуу болушат.

Кыргызстанда КМШнын көптөгөн өлкөлөрүнөн айырмаланып, төрөттүн деңгээли жөнөкөй калк көбөйүүсүнөн жогору бойдон калууда. Башкача айтканда, өлкөнүн калкынын саны өсүүдө.

2025-жылы мурунку жылга салыштырмалуу эгиз төрөлгөндөрдүн саны көбөйүп, үч эм төрөлгөндөрдүн саны азайган. Тактап айтканда, 2025-жылы 1311 эгиз төрөлсө (2024-жылы — 1253 эгиз), 13 үч эм төрөлгөн (2024-жылы — 21 үч эм).

Мындан тышкары, 2024-жылы өлкөдө 45 миңден ашуун аял турмуш курган. Алардын 87 пайызы биринчи жолу никеге турган. Биринчи никеге тургандардын басымдуу бөлүгү 18–29 жаш курагында.

Бүгүнкү күндө аялдар энелик милдет менен катар өлкөнүн экономикасында дагы активдүү роль ойношот. 2024-жылы эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын иш менен камсыз болуу деңгээли 48,7 пайызды түзгөн. Алар негизинен билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык тейлөө, соода, мейманкана жана ресторан тармактарында эмгектенишет.