Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Сот системасынын ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында республиканын бардык облустук, райондук жана шаардык сот имараттарына атайын QR- коддор орнотулуп, иштеп баштады. Бул тууралуу маалымат КР Жогорку сотунун фейсбук баракчасына жарыяланды.
Маалыматта айтылгандай, сотко келген жарандар өзүнүн телефону аркылуу кызмат көрсөтүүнүн сапатына жана сот органдарынын ишине өз пикирин билдире алат.
“Сот тутумунда кандай кемчиликтер бар, кайсы кемчиликтердин үстүнөн иштеш керек экенин билүүгө шарт түзүлөт. Же болбосо жарандар сот тутумуна өздөрүнүн кеңештерин берип, ой-пикирин калтыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ”, - деди Ысык-Көл облустук административдик сотунун төрайымы Зарина Абдыкадырова.
Белгилей кетсек, мындай система элдин үнүн түз угуу менен көйгөйлөрдү жеринде аныктоого жардам берет. Пикир билдирүү жашыруун түрдө жүргүзүлгөндүктөн, ким жазгандыгы аныкталбайт. Бирок, ар бир жаран соттордун ишине баа бере алат.
"Мында ар бир жарандын оюу маанилүү жана адилеттүү сот системасын өнүктүрүүгө барыбыз салым кошо алабыз",-деп айтылат маалыматта.