Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Өлкөдөгү сот адилеттүүлүгүнүн сапатын жогорулатуу негизги максат. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Кыргыз Республикасынын судьяларынын ХIII курултайында билдирди.
Анын айтымында, 2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өнүктүрүү боюнча мамлекеттин максаттуу программасын ишке ашыруу планына ылайык, сот тутуму сот адилеттигинин ачык-айкындуулугун, көз карандысыздыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу курсун улантып жатат.
“Сот бийлигине коомдо адилеттүүлүктү орнотуу милдети жүктөлгөн. Бул өтө жооптуу, оор жана чоң көңүл бурууну талап кылган милдет. Бул коомчулуктун жана жарандардын талабы. Сот органдарына келип жаткан кайрылуулар жана соттор тарабынан каралып жаткан иштердин саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Андыктан, жарандардын сотторго болгон ишенимин жогорулатып, сот системасынын натыйжалуулугу өсүп жаткандыгына негиз бар. Бүгүнкү курултайда сиздер соттор кеңешинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу маалыматтар жана жүргүзүлгөн анализдер менен таанышасыздар”, - деди Медербек Сатыев.