Бишкек, 07.10.26. /Кабар/. Эмдөө оорулардын алдын алат, балдардын мектептеги сабактарды калтырбоосуна жардам берет, үй-бүлөлөрдү кошумча чыгымдардан коргойт жана саламаттык сактоо системасына болгон жүктү азайтат. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Ана Дутович “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, эмдөө бул коомдук саламаттык сактоодогу экономикалык натыйжалуу чаралардын бири.
“Европа жана Борбор Азия боюнча маалыматтарга ылайык, иммунизацияга жумшалган ар бир АКШ доллары ооруларга байланыштуу чыгымдардын алдын алуу аркылуу 48ден 76 АКШ долларына чейин экономикалык пайда алып келиши мүмкүн. Ошондуктан эмдөө — бул саламаттык маселеси гана эмес, өлкөнүн келечегине салынган инвестиция. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун преквалификациясын алганга чейин ар бир вакцина улуттук иммунизация программаларында колдонууга коюлган талаптарга шайкештигин ырастоочу катуу баалоодон өтөт”, - деп белгиледи Ана Дутович.
Белгилей кетсек, вакциналардын коопсуздугу жана сапаты бир нече деңгээлде көзөмөлдөнөт. Маалымат жыйындын жүрүшүндө маалым болгондой, Кыргызстан вакциналарды ЮНИСЕФтин эл аралык механизми аркылуу сатып алат. Жеткирүүгө сапаттын эл аралык стандарттарына жооп берген жана ДССУнун алдын ала квалификациясынан өткөн продукциялар гана кабыл алынат. Өлкө ичинде да вакциналар тиешелүү каттоо жана көзөмөлдөө жол-жоболорунан өткөрүлөт, ал эми аларды сактоо жана ташуу иштери “муздак чынжыр” талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Ошондой эле вакциналар эл аралык жана мамлекеттик көзөмөлдөн өтүп, сатып алууга мамлекет олуттуу каражат бөлөөрү айтылды. 2025-жылы Кыргызстанда вакциналарды жана керектелүүчү материалдарды сатып алууга 397 миллион сомдон ашык каражат багытталган. Анын ичинде мамлекеттик бюджеттин каражаттары жана Вакциналар жана иммунизация боюнча глобалдык альянстын колдоосу камтылган.