Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация боюнча республикалык борбор эмдөөгө байланыштуу кеңири тараган жаңылыш түшүнүктөрдү, анын ичинде вакциналардын курамындагы кооптуу заттар, эмдөө менен аутизмдин ортосундагы байланыш жана балдардын иммундук системасынын "ашыкча жүктөлүшү" тууралуу пикирлерди жокко чыгарды.
Адистердин маалыматына караганда, вакциналарды кеңири колдонуу алардын коопсуздугуна, организмге тийгизиши мүмкүн болгон таасирине жана узак мөөнөттүү терс таасирлерине байланыштуу мифтердин пайда болушуна жана таралышына алып келген. Социалдык тармактарда эмдөө боюнча көптөгөн ушак-айыңдар жана мифтер тарайт. Алардын басымдуу бөлүгү илимий негизге ээ эмес, айрым учурларда атайылап жалган маалыматтар да кездешет.
Миф: Вакциналардын курамында ден соолукка кооптуу консерванттар бар
Вакцина – микроорганизмдерден же алардын тиричилик аракетинин продуктуларынан жасалган препарат. Ал адамдын организмине киргенден кийин белгилүү бир убакыт өткөн соң ошол конкреттүү ооруга каршы иммунитет пайда болот. Ата-энелердин эң кеңири тараган кооптонууларынын бири – вакциналардын курамында сымаптын болушу.
"Айрым вакциналардын курамына консервант катары тиомерсал – курамында сымап бар органикалык кошулма кошулат. Бул көп дозалуу флакондордо чыгарылган вакциналар үчүн коопсуз жана кеңири колдонулган консервант. Вакциналарда колдонулган тиомерсалдын аз өлчөмү ден соолукка коркунуч туудурарын далилдеген эч кандай маалымат жок", – деп белгилешти борбордон.

Тиомерсал өткөн кылымдын 1930-жылдарынан бери айрым вакциналарды жана башка медициналык препараттарды өндүрүүдө колдонулуп келет. Вакцинанын бир дозасында камтылган тиомерсалдын көлөмү баланын ден соолугуна зыян келтирүү үчүн өтө эле аз. Ал адам бир сутка ичинде аба жана тамак-аш аркылуу алган сымаптын туундуларынын көлөмүнөн ашпайт.
Заманбап вакциналардын компоненттери, анын ичинде консерванттар көп жылдан бери колдонулуп, коопсуздугу изилденген. Айрым вакциналардын стерилдүүлүгүн сактоо үчүн кошулган консерванттар дүйнө жүзүндө кеңири колдонулат. Консерванттар вакциналарга кошулган өлчөмдө ден соолукка коркунуч жаратпайт. Бир катар вакциналар сакталуу үчүн консерванттарды талап кылбайт жана аларсыз өндүрүлөт.
Ушундан улам дарыгерлер эмдөөнүн айланасындагы мифтердин көптүгү кооптуу жаңылыш түшүнүктөргө жана эмдөөдөн баш тартууга алып келиши мүмкүн экенин белгилешет. Мындай мифтерди чындык катары кабыл алуу менен адамдар балдардын да, чоңдордун да ден соолугун сактоого орду толгус зыян келтиришет.
Миф: Европа жаңы дарыларды Кыргызстанга гуманитардык жардам катары жөнөтүп, аларды сынайт
Адистердин айтымында, Кыргызстанда колдонулган вакциналардын сапаты Европада колдонулган вакциналардын сапатынан айырмаланбайт. Вакциналардын компоненттери коопсуз болуп, курамында эч кандай уулуу же тыюу салынган заттар жок жана дүйнө жүзүндө, анын ичинде Ислам шарияты колдонулган өлкөлөрдө (Сауд Аравиясы, Түркия жана башка өлкөлөрдө) кеңири колдонулат.
Вакциналарды өндүрүүчүдөн тартып саламаттык сактоо уюмдарына жана эмдөө жүргүзүлүп жаткан адамга чейин жеткирүүнүн бардык баскычтарында стандарттык операциялык жол-жоболорго ылайык вакциналарды натыйжалуу башкаруу үчүн температураны каттоо каражаттары колдонулуп, аларды сактоо жана ташуу учурундагы температуралык режимге кылдат мониторинг жүргүзүлөт.
"Өлкөдө вакциналарды сатып алуу Кыргызстандын өкмөтү менен ЮНИСЕФтин ортосундагы меморандумдун алкагында ЮНИСЕФтин сатып алуу механизмдери аркылуу жүргүзүлөт. ЮНИСЕФтин сатып алуулар бөлүмү эл аралык тендерлерди өткөрөт. Ага продукциясы GMP эл аралык стандарттарына жооп берген жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун преквалификациялоо жол-жобосунан өткөн фармацевтикалык компаниялар гана катыша алат", – деп билдиришти борбордон.
Алардын маалыматы боюнча, вакциналардын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти жүргүзөт.
Белгиленгендей, өлкөгө алып келинген вакциналар милдеттүү түрдө мамлекеттик сертификациядан өтөт, вакциналардын серияларынын спецификалык коопсуздук талаптарына шайкештиги текшерилет жана ченемдик-техникалык документтерге экспертиза жүргүзүлөт. Сертификациядан өткөндөн жана шайкештик сертификаты алынгандан кийин вакциналарды саламаттык сактоо уюмдарында колдонууга уруксат берилет. Вакциналар колдонулган жерлерде алардын сапатына жана коопсуздугуна кийинки көзөмөлдү административдик аймактардын оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлору жүргүзөт.

Миф: Көптөгөн оорулар дээрлик жок болуп кеткен жана эми коркунучтуу эмес, ошондуктан эмделбей эле койсо болот
Дарыгерлер белгилегендей, көптөгөн өлкөлөрдө вакциналар аркылуу алдын алууга боло турган оорулар сейрек кездешкени менен, алардын козгогучтары дүйнөнүн айрым аймактарында дагы деле айланып жүрөт. Бүгүнкү өз ара көз каранды дүйнөдө алар географиялык чек араларды кесип өтүп, алардан коргонуу каражаты жок адамдардын баарына жуктурушу мүмкүн.
"Биз калкты массалык түрдө эмдөөдөн өткөргөнүбүз үчүн гана корголуп турабыз. Инфекциялардын алдын алуу үчүн эмдөө менен камтуунун жогорку деңгээли зарыл. Тажрыйба көрсөткөндөй, адамдардын эмдөөдөн баш тартышынан улам дифтерия, кызамык жана полиомиелит оорулары кайрадан жайылды", – деп белгилешет адистер.
Эмдөөдөн өтүүнүн эки негизги себеби бар – өзүңдү жана айланаңдагыларды коргоо. Эмдөө программаларынын ийгилиги ар бир адамдын жалпы жыргалчылыкты камсыз кылууга салым кошууга даярдыгынан көз каранды. Оорулардын жайылышын айланаңдагы адамдар токтотот деп күтпөш керек, ар бирибиз өзүбүздүн колубуздан келгендин баарын кылышыбыз зарыл.
Миф: Эмдөө өмүргө коркунуч туудурган терс реакцияларды пайда кылат
Борбордон белгилешкендей, эмдөөдөн кийин балдардын көпчүлүгүндө терс көрүнүштөр байкалбайт. Вакцина анча олуттуу эмес жана убактылуу реакцияларды, мисалы, шишикти, же дене табынын бир аз көтөрүлүшүн пайда кылышы мүмкүн.
"Бардык реакциялар 2-3 күндүн ичинде дарылоосуз эле өзүнөн-өзү өтүп кетет. Эмдөө аркылуу алдын алууга боло турган оорулардын кесепеттери иммунизациядан кийинки терс көрүнүштөргө караганда кыйла оор. Вакцина менен алдын алууга боло турган оорудан эмдөө жүргүзүлбөгөн учурда олуттуу кесепеттерге кабылуу коркунучу вакцинанын өзүнөн келип чыгуучу коркунучка караганда кыйла жогору", – деп билдиришет адистер.
Кыргызстанда колдонулган вакциналар улуттук талаптарга жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарына, ошондой эле GMP эл аралык стандарттарына (тиешелүү өндүрүш практикасы) жооп берет жана ДССУнун алдын ала квалификациялоо жол-жоболорунан өткөн.
Миф: Вакциналар аутизмди пайда кылат
Адистер көптөгөн ишенимдүү илимий изилдөөлөр аутизм менен эмдөөнүн ортосунда байланыш бар экенин аныктабаганын белгилешет.
"Таң калыштуусу, айрым ата-энелер дагы деле аутизмдин өнүгүшүн эмдөө менен жаңылыш байланыштырышат, бирок бул байланыш илимий жактан эчак эле жокко чыгарылган. Ошол эле учурда бир катар заманбап изилдөөлөр аутизм спектриндеги бузулууларга алып келүүчү өбөлгөлөр түйүлдүк калыптанган учурда эле кокустук генетикалык аномалиялардын натыйжасында пайда болорун көрсөтүүдө", – дешти борбордон.
Бирок дарыгерлердин айтымында, бул миф өз таасирин тийгизип, ата-энелер арасында пайда болгон дүрбөлөңдүн натыйжасында кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тарткандардын саны көбөйүп, буга чейин оорунун жайылышы көзөмөлдөнүп турган өлкөлөрдө кызамык оорусунун кайрадан күчөшүнө алып келген.

Миф: Жаңы төрөлгөн балдарга өтө көп вакцина сайылат, бул иммундук системага ашыкча күч келтирет
Бир нече вакцинаны бир учурда саюу баланын иммундук системасына "ашыкча күч келтирбей турганы" илимий жактан далилденген. Борбордун маалыматы боюнча, балдар күнүмдүк жашоосунда эле күн сайын бир нече жүздөгөн бөтөн заттардын таасирине кабылышат жана иммундук система алардын ар бирине өз реакциясын берет.
"Жөнөкөй эле тамактануу организмге жаңы антигендердин киришин шарттайт, ал эми көптөгөн бактериялар териде, ооз көңдөйүндө, мурунда жана ичегиде эле жашайт. Бала суук тийгенде же тамагы ооруганда вакцина алууга караганда кыйла көп сандагы антигендердин таасирине кабылат", – деп билдиришет адистер.
Бир эле учурда бир нече вакцинаны же көп компоненттүү вакциналарды колдонуунун негизги артыкчылыктары — сайуулардын жана медициналык мекемеге баруулардын санын азайтуу.
Илимий маалыматтарга ылайык, бир нече вакцинаны бир убакта алуу бала үчүн жагымсыз кесепеттерге алып келбейт жана эмдөөдөн кийинки жагымсыз көрүнүштөрдүн пайда болуу коркунучун көбөйтпөйт.
Миф: Бала ооруп, оорудан кийин иммунитет алганына караганда эмдөө аркылуу иммунитет алган жакшы эмес
Дарыгерлер белгилегендей, адамдарда өзүн-өзү тынчтандыруу сезими пайда болуп, айрымдар эмдөө оорунун өзүнө караганда кооптуу деп эсептей башташкан. Мындай жаңылыш түшүнүктөр эмдөө менен камтуунун деңгээлинин кыйла төмөндөшүнө, айрыкча 1 жашка чейинки балдар арасында төмөндөшүнө алып келген.
"Гигиенанын жана санитардык талаптардын жогорку деңгээли балдарды вакцина менен алдын алууга боло турган оорулардан коргой албайт. Гигиенаны, санитардык шарттарды жана суунун коопсуздугун жакшыртуу адамдарды жугуштуу оорулардан коргоого жардам бергенине карабастан, көптөгөн инфекциялар санитардык-эпидемиологиялык шарттардын сапатына карабастан таралышы мүмкүн. Эгер эмдөө программалары токтотулса, эмдөө жүргүзүлүп жаткан оорулар кайрадан пайда болот. Өлкөдө оорунун күчөшү болбосо да, эмдөөнү улантуу керек.
Иммунизация программасынын аркасында республикадагы адамдардын көпчүлүгү вакцина менен башкарылуучу инфекциялардын күчөшүнүн кесепеттерин эч качан өз башынан өткөргөн эмес", - деп айтылат маалыматта.