Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жылына дүйнөдө 2-3 миллион, күнүнө 10 миңге жакын адамдын өмүрүн сактап, миллиондогон адамдарды оорудан жана майыптыктан коргойт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин иммунизациялоо боюнча журналисттер үчүн уюштурулган иш-чарасында маалымдалды.
Маалыматта айтылгандай, бир адамды эмдөөнүн баасы орто эсеп менен 73 сомду же болжол менен 1 АКШ долларын түзөт. Ал эми оорунун бир учурун дарылоо 6 миң 876 сом деп бааланып, бул бир эмдөөнүн баасынан 94 эсе кымбат экенин көрсөтүп турат.
Белгилей кетсек, дүйнөдө жугуштуу ооруларга каршы эмдөөнүн жардамы менен миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк бар. Мисалы, 1978-жылы жыл сайын 5 миллиондой адам каза болуп келген чечек оорусу жок кылынган.
Полиомиелитти жок кылуу аракетинде эмдөөнүн натыйжасында 16 миллиондон ашык адам шал оорусу менен ооруп калуу коркунучунан арылып, 1988-жылы оорулардын саны 99 пайызга кыскарган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун баалоосу боюнча кызамыкка каршы эмдөө 2000-жылдан 2016-жылга чейин 20,4 миллион адамдын өмүрүн сактап, коомдук саламаттыкты сактоонун эң мыкты чараларынын бири катары аталган.
Ал эми Кыргызстанда эмдөө жүргүзүүгө чейинки мезгилде болжолдуу орто эсеп менен кептөөр (көмөкөй жана коконун былжыр челин сезгендирип, түрдүү органдарды жабыркатуучу катуу кармаган жугуштуу дарт) оорусу менен миң адам ооруса анын 200ү, кызамык менен 17 миң ооруса анын 1 миң 700 адамы, көк жөтөл менен 5 миң 500 ооруса анын 700ү, полиомиелит менен 150 адам ооруса анын 20 адамы каза болуп келген.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда чечек оорусуна каршы биринчи эмдөө 1931-жылы жүргүзүлгөн. Андан кийин 5 жылдын ичинде Кыргыз ССРинин аймагында чечектин таралышын дээрлик токтотууга мүмкүн болгон.
Дарыгерлердин пикиринде эмдөө - ден соолукту сактоонун эң маанилүү жана натыйжалуу ыкмаларынын бири. Эмдөөдөн өтүү менен адамдар көптөгөн оорулардын алдын алып, коомдук саламаттыкты сактоого, жашоо сапатын жакшыртууга салым кошушат.