Бишкек, 10.04.26 /Кабар/. Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин 100 жылдыгына карата көргөзмө уюштурулат. Букингем сарайында анын гардеробуна таандык 300дөн ашуун буюм элге көрсөтүлөт. Бул тууралуу Известия кабарлайт.
“Анын стилдүү өмүр жолу ” аталышындагы экспозицияда ханышанын дээрлик бир кылымга созулган кийинүү образдары чагылдырылат. Келгендер диадемаларды, баш кийимдерди, ошондой эле ханышанын үлпөт көйнөгүн көрө алышат.
Көптөгөн буюмдар алгачкы жолу коомчулукка сунушталууда. Экспонаттардын катарында коронациялык көйнөк, аквамарин жана рубин таштары менен кооздолгон тиаралар бар. Ал тургай айрым буюмдарда ханышанын упасы менен атырларынын жыты да сакталып калганы айтылат.