Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Электр энергиясын үнөмдөп, импортту азайталы. Президент мындай кайрылуусун борбордогу Алтай шаарчасынын курулушун баштоо иш-чарасында билдирди.
Анын айтымында, жетишпеген электр энергиясын импорттоп сатып алып чектөөсүз колдоно берсек болот. Бирок, электр энергиясын импорттоп келип элге сатууда баалардын ортосундагы айырма бюджетке оорчулук жаратат.
“Калк электр энергиясын эч үнөмдөбөстөн каалаганча чектөөсүз колдоно берсе да болот. Бирок, жетишпеген электр энергиясынын 1 кВт саатын 3 сомдон ашык баага сатып алып, элге 1,37 тыйындан сатууда ортодогу чоң айырма мамлекеттин моюнуна жүк болуп жатат.
Ал деле бюджеттен, силердин өзүңөрдүн чөнтөгүңөрдөн кетип жаткан элдин акчасы. Биз ошону үнөмдөйлү деп жатабыз. Электр энергиясын үнөмдөп, импортту азайталы. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" компаниясынын калган 25 млрд сом карызынан кутулалы. 2020-жылга чейин электр энергиясын импорттоодон топтолуп калган 137 млрд сомдун 112 млрд сомун 6 жылда кутулуп бүттүк. Эми 2026-жылы толук кутулабыз. Акырындан бул кыйынчылыктардан чыгып келе жатабыз”,- деди Жапаров.
Ал эми энергетика министри Таалайбек Ибраев үстүбүздөгү жылдын октябрь айында "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде 3-4 млрд кВт/саат электр энергиясын коңшу мамлекеттенден сатып аларыбызды айткан.
"Кыргызстанда электр энергиясынын 90 пайызы суудан өндүрүлөт. Учурда биз 14-15 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрөбүз. Жалпы керектөөбүз 18 млрд кВт/саатты түзөт. Ошондуктан калган 3-4 млрд кВт/саатты коңшу мамлекеттерден сатып алабыз”,- деп билдирген Ибраев.
Жакында эле энергетика министри Facebook баракчасына эмдиги жылы карыздан толук кутулуп, кирешеге чыгуу менен 2028-2029-жылдары кышта электр энергиясын импорттобой калууну пландап жатабыз деп жазган.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашык абонент электр энергиясын колдонот. Анын 1,4 миллиону катардагы калк болсо, калганы өндүрүштүк, бюджеттик жана башка категориядагы керектөөчүлөр.