Элдик курултай - ачык мамлекеттик башкаруудагы демократиялык, коомдук институт катарында заманбап Кыргызстандын экономикалык, социалдык, өнүгүшүнө өбөлгө түзүү мүмкүнчүлүгү чоң. Мындай пикирин саясий илимдердин доктору, президентке караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору Бактыкан Төрөгелдиева “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, учурда курултайдын принциптерин ачык мамлекеттик башкаруунун негизи кылып алуу максатында төмөндөгү өз ара аракеттенүүлөрдү колдонсо болот:
- Коомдун кызыкчылыгы үчүн бүткүл кызыкдар тараптар биригип чечим кабыл алуу;
- Коомдун өзүн-өзү уюштуруучулук баалуулугун эске алуу;
- Өз ара же ички нааразычылыктарга карабастан, чындап кеңеш берүү жана өз ой пикирин айтуу;
- Коомдун, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн акылдашуу принциптеринин негизинде бирдиктүү, маанилүү чечимге келүү.

“Курултай кыргыз коомунун динамикасын жана туруктуулугун көрсөткөн демократиянын белгиси. Элди биримдикке чакырууда “Ырыс алды-ынтымак”, “Ынтымак бар жерде, ырыс бар” деген накыл сөздөр ачык башкаруунун пайдубалы кыргыз коомунда эчак эле түптөлгөнүн далилдейт. Курултайда “Ийри отуруп, түз кеңешүү”, “Кеңешип кескен бармак оорубайт” принциби ишке ашырылган “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ынтымак” деген накыл сөз курултайдын идеясын, максатын түшүндүрөт.
Элдик бийликтин жогорку органы катары алгач эле курултайда ар тараптуу курч маселелерди кеңири кароо мүмкүнчүлүгү болгон. Биринчиден стратегиялык маселе болгон элдин тагдырын жана көз каранды болбоо көйгөйлөрүн чечүүдө, согуш жана тынчтык, уруулардын бирикмелерин түзүү, мамлекетти башкаруу, хандарды шайлоо, аскердик жортуулдардын жыйынтыгын чыгарган уруулардын ортосундагы талаш-тартыштарды элдик дипломатия жолу менен чечүү, жеке менчик жана башка маанилүү маселелерди кыргыз элинин үрп-адатына таянып чечим кабыл алышкан”,- деди Төрөгелдиева.
Ошондой эле ал кыргыз коомунун жетишкендиктери катары адилеттүүлүк, ынтымактуулук, курултайларды, эл жыйынын өткөрү сыяктуу бир нече принциптерге таянгангандыгын кошумчалады.
Ал эми 2023-жылдын 24-июлунда кабыл алынган “Элдик курултай жөнүндө” Конституциялык мыйзамда Элдик курултай - коомдун өнүгүү багыттары, коомду жана мамлекетти социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча маанилүү маселелерди чечүү, жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо, жарандык коомду өнүктүрүү жана руханий-идеологиялык маселелер боюнча сунуштамаларды бере турган кеңешүүчү, байкоочу коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын деп жазылган.

Конституциялык мыйзам Элдик курултайдын уюштурулушун жана иштөө тартибин аныктайт. Аталган мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөндөй, Конституциялык мыйзам Элдик курултайдын укуктук статусун, анын иш принциптерин, Элдик курултайга делегаттарды шайлоо тартибин аныктайт, ошондой эле Элдик курултайды өткөрүүнү уюштуруу менен байланышкан маселелерди жөнгө салат.
“Кыргызстан Улуттук Элдик курултай" ассоциациясынын теңтөрагасы Бейшенбек Абдразаков Элдик курултайдын максаты мамлекеттин бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен байланышкан төмөнкү маанилүү маселелерди талкуулоо үчүн чакырылаарын белгиледи:
- Референдум өткөрүү маселелери боюнча сунуштарды кароо жана концепциялар;
- Мамлекеттин ички жана тышкы саясатындагы багыттарды кароо жана сунуштарды берүү;
- Коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсүнүн стратегиялык маселелерин кароо жана сунуштарды берүү;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорун сактоо;
- Мамлекеттин тарыхый, маданий жана руханий мурастарын сактоо;
- Кыргыз Республикасындагы өнүгүү боюнча сунуштарды берүү;
- Экологияны сактоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;
- Улуттук, ар кыл этностор аралык жана диндер аралык мамилелерди чыңдоо, чыр-чатактарды чечүү;
- Кыргызстандын тарыхый, материалдык, руханий мурастарын сактоо жана башка маанилүү маселелер.
КР Конституциясынын 7-беренесинде Элдик курултай - коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын деп белгиленип, кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берээри жазылган. Ошондой эле 85-беренеде көрсөтүлгөндөй, мыйзам чыгаруу демилге укугу Элдик курултайга да таандык.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров кезектеги IV Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Ага ылайык, IV Элдик курултай 2025-жылдын 22-декабрында Бишкекте өткөрүлөт.
“Жарлык Кыргызстандагы элдик бийликтин негиздерин бекемдөө, жарандык коомду консолидациялоо жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максатында кабыл алынган. Курултайга жалпысынан 700 делегат катышат. Делегаттарды шайлоо, курултайды өткөрүү жана координациялоо үчүн уюштуруу комитети түзүлдү. Делегаттарды шайлоо тартиби Улуттук кеңеш тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген жобонун негизинде аныкталат”,- деп жазылат маалыматта.
Коомчулук канча бир жылдардан бери элдик бийликти бекемдөө максатында улуттук баалуулуктарга, каада-салтка шайкеш келген курултай институтун өлкөнүн саясий түзүмүнө мыйзамдуу түрдө киргизүүнү талап кылып келишкен. Элдин талабы ишке ашып, алгач 2021-жылдын майында Конституцияга Элдик курултай - коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын деп киргизилди. Жогорку Кеңеш 2023-жылдын июнь айында “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамды кабыл алды. Элдик курултайдын уюштурулушу жана ишмердүүлүгү Конституция жана жогорудагы конституциялык мыйзам менен аныкталмакчы.
Эскерте кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрь айында, экинчиси 2023-жылы декабрда, үчүнчү Элдик курултай 2024-жылы декабрь айында өткөн.