Эл жазуучу Калканбай Ашымбаев каза болду

Коом 24 Август 2026 09:30
780917537_998023479912393_6657526790443877696_n.jpg
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, белгилүү калемгер, публицист жана журналист Калканбай Ашымбаев 93 жаш курагында каза болду.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, Ашымбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 25-августта саат 10:00дө Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.

Калканбай Ашымбаев кыргыз адабияты менен журналистикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон көрүнүктүү калемгерлердин бири. Ал СССР Журналисттер союзунун жана СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болуп, көп жылдар бою проза, публицистика жана фельетон жанрларында үзүрлүү эмгектенген. Калканбай Ашымбаев КР эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына сиңирген ардагер, Эл агартуунун отличниги наамдарына татыган.

Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.