Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов ЖККУнун жыйынында кыргызстандыктарды Россияга кирүү үчүн алдын ала каттоодон бошотууну сунуштады.
Парламенттен билдиришкендей, кеңешмеде ЖККУга мүчө мамлекеттердин эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери боюнча позицияларын тышкы саясий координациялоого, ЖККУга мүчө мамлекеттердеги аскердик – саясий кырдаалга, мамлекеттердин ички иштерине чет өлкөлүк кийлигишүүгө каршы аракеттенүү тажрыйбасына байланышкан актуалдуу маселелер каралды.
Жыйында Улан Примов «Тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо максатында тышкы саясий өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана эл аралык уюмдар жана үчүнчү өлкөлөр менен диалогду улантуу боюнча 2025-жылы ЖККУга Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын артыкчылыктары жөнүндө» темасында баяндама жасады.
Ошондой эле 2025-жылы ЖККУ төрагалыгы Кыргызстанга өткөндүгүн белгилеп, өлкөнүн уюмдун ролун жана аброюн жогорулатууга кызыкдарлыгын белгиледи.
"Кыргыз Республикасы ЖККУга төрагалык кылуу боюнча өзүнүн артыкчылыктуу милдеттерин аткаруу менен мүчө мамлекеттер жана үчүнчү өлкөлөр менен тышкы саясий кызматташтыкты бекемдөөгө багыт алууда. Аймактагы тынчтыкты жана коопсуздукту колдоого багытталган эл аралык уюмдар менен туруктуу диалогдорду түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат», - деди ал.
Муну менен катар Россиянын глобалдык жана аймактык коопсуздукту камсыздоо багытында ЖККУ, КМШ, ШКУ кызматташтыгын бекемдөө боюнча Жол картасын колдоорун билдирди. Аталган документ терроризм жана экстремизм коркунучуна, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы турууга, өзгөчө кырдаалдарды жоюуга, ошондой эле маалыматтык жана биологиялык коопсуздукту жогорулатууга багытталган.
Мындан тышкары Улан Примов өз сөзүндө миграция маселесине өзгөчө көңүл буруп, миграциялык режимдин барган сайын катуулашына байланыштуу Россияда эмгектенген Кыргызстандын жарандары туш болуп жаткан актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрдү.
«Кыргызстандын жарандары узак текшерүү процедуралары үчүн Россияга кирүүдө кыйынчылыктарга туш болууда. Ушул жылдан баштап идентификациялоо жана аутентификациянын бирдиктүү системасына каттоону талап кылуу менен чет өлкөлүк жарандардын кирүү тартибин күчөтүү пландаштырылууда», - деди депутат.
Ошол эле учурда депутат ЕАЭБ аймагында жумушчу күчүнүн эркин жүрүүсүн камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, россиялык тарап менен эки тараптуу форматта жана ЕАЭБ алкагында Кыргызстандын жарандарын Россияга кирүү үчүн алдын ала каттоодон өтүүдөн бошотуу маселесин иштеп чыгууну сунуштады.
«Кыргыз тарап миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдык демилгелер ЕАЭБ жөнүндө келишимдин принциптерине, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы союздук мамилелерге жана стратегиялык өнөктөштүккө каршы келбеши керек деген негизди карманууда. Демилгеленип жаткан мыйзам долбоорлорунда да, коомдук мейкиндикте да ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилеринин, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана биримдикке кирбеген өлкөлөрдүн жарандарынын укуктары так чектелүүсү чоң мааниге ээ», - деген комитет төрагасы россиялык тарап белгиленген маселелерди оң жагына чечээрине ишенимин билдирди.