Эл аралык рынокто алтындын баасы 4036 долларды түздү

Дүйнө 16 июль 2026 15:50
Эл аралык рынокто алтындын баасы 4036 долларды түздү

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Дүйнөлүк рынокто алтыдын баасы бир аз арзандап, күмүш кымбаттады.

АЗЕРТАЖ агенттиги билдиргендей, Нью-Йорктун COMEX товардык биржасында алтындын трой унциясынын баасы 15,5 долларга төмөндөп, 4036,3 долларды түздү.

Ал эми күмүштүн баасы тескерисинче бир трой унциясы үчүн 0,11 долларга жогорулап, 57,55 долларды түздү.