Эл аралык издөөдө жүргөн Көлбаевдин жакын адамы кармалды

Укук тартиби 4 сентябрь 2025 13:10
542110725_1170989595050040_2267697885711108701_n.jpg
542616523_1170989608383372_2832675135343985457_n.jpg
543187864_1170989531716713_6803372030616357112_n.jpg
540745516_1170989571716709_7575314062240278115_n.jpg
541693872_1170989548383378_6657331992241028916_n.jpg
Алдыга
Артка
542110725_1170989595050040_2267697885711108701_n.jpg
542616523_1170989608383372_2832675135343985457_n.jpg
543187864_1170989531716713_6803372030616357112_n.jpg
540745516_1170989571716709_7575314062240278115_n.jpg
541693872_1170989548383378_6657331992241028916_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 04.09.25. /Кабар/. Эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Москвадан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын башында Россиянын Москва шаарынын аймагында биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1972-жылы туулган Кыргызстандын жараны Б.У.К кармалды. Ал оор кылмыштарды жасаган үчүн мурда бир нече жолу соттолгон жана мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

Кармалган жаран криминалдык чөйрөдө "Узун Улан" каймана аты менен белгилүү жана уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Ал Камчы Асанбектин эң жакын жана ишенимдүү адамы болуп, анын жеке коопсуздугуна жооп берген. Бир нече жолу криминалдык чыр-чактактарга катышкан, андан сырткары "общак" кылмыш казынасын толтуруу максатында ишкерлерден коммерциялык фирмаларды жана кыймылсыз мүлктөрдү опузалоо менен тартып алып жүргөн.

Б.У.К. 2019-жылы Бишкек шаарынын аймагында башка бирөөнүн өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлкүн ээлеп алууга жана каракчылык менен кол салууга айыпталууда. Жабырлануучу чет өлкөнүн жараны болгон ишкер. Азыркы учурда издөөдө жүргөн жаран Москвадан Бишкекке милиция кызматкерлери тарабынан алып келинди.

Тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.