Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн эки жаран Бириккен Араб Эмираттарында кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 23-августунда Кыргызстандын жана БАЭнин ички иштер органдары жүргүзгөн биргелешкен ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде, алдамчылыкка шектелген 1971-жылы туулган К.Э. кармалып, Кыргызстанга кайтарылды. Ал 2017–2018-жылдары «Фаргокоин» криптовалютасына инвестиция салуу шылтоосу менен 22 миң АКШ долларын жана 1 млн сомду алдап алып, качып кеткен деп шектелүүдө.
Мындан тышкары, 1966-жылы туулган С.И.ге карата да экстрадициялоо иштери аяктап, ал Кыргызстанга жеткирилди. Ал Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери — салык төлөөдөн качуу, жасалма документтерди колдонуу жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү — боюнча айыпталууда. Тергөөнүн маалыматына ылайык, С.И. жасалма документтер менен иш жүргүзүп, мамлекетке 18 млн сомдон ашык зыян келтирген.
Кармалган жарандар учурда тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.
"Бул иштер ИИМ, Башкы прокуратура жана УКМК тарабынан биргелешип жүргүзүлгөн",-деп айтылат маалыматта.