Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. Эквадордун Пасахе шаарында сүйүүчүлөр арасындагы мелдеш учурунда футбол калысы Хавьер Ортеганы атып кетишти, деп билдирет Daily Mail.
Маалыматка ылайык, окуя Эль-Оро провинциясында болгон. Оюн учурунда калыска бир нече белгисиз адамдар жакындап келип, ок чыгарышкан, андан соң кылмыш болгон жерден качып кетишкен. 48 жаштагы Ортега тез жардам келгенге чейин эле жан берген. Оюнчулар жана көрүүчүлөр, анын ичинде маркумдун туугандары стадиондун аймагынан качып чыгууга үлгүрүшкөн. Аймак криминалисттердин иштөөсү үчүн курчоого алынды.
Укук коргоо органдары иликтөө иштерин баштады, окуя алдын ала пландалган киши өлтүрүү катары каралууда.
Мелдештин уюштуруучулары кылмыштын чоо-жайы толук аныкталганга чейин оюндарды өткөрүүнү токтотуу чечимин кабыл алышты.