ЕККУ Жалал-Абадда аялдар менен жаштардын ишкердигин колдойт

Аймак 22 сентябрь 2026 14:30
2.jpg
1.jpg
796787978_2196735074527078_7129220893775923304_n.jpg
799983533_2196735111193741_4625444799039227566_n.jpg
800143610_2196734951193757_123926970266263444_n.jpg
Алдыга
Артка
2.jpg
1.jpg
796787978_2196735074527078_7129220893775923304_n.jpg
799983533_2196735111193741_4625444799039227566_n.jpg
800143610_2196734951193757_123926970266263444_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фолькер Фробарт менен жолукту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда облустагы социалдык-экономикалык жана экологиялык маселелер, чек ара аймактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, адам укуктарын коргоо жана калктын социалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери талкууланды.

Тилек Текебаев облус үчүн ЕККУ менен кызматташтык маанилүү экенин белгилеп, уюм тарабынан көрсөтүлүп жаткан практикалык колдоого жогору баа берди.

Ошондой эле ал облустун айыл чарба, өнөр жай, энергетика жана туризм тармактарындагы потенциалына токтолуп, чакан жана орто бизнести колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү, аялдар менен жаштардын ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багыттарында кызматташууну күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жалал-Абад облусу менен ЕККУнун ортосундагы практикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана келечектеги программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууда биргелешкен аракеттерди күчөтүү боюнча пикир алмашылды.