Бишкек, 06.07.26 /Кабар/. Египеттин Дахла оазисиндеги чөлдөн Византия дооруна (IV кылымга) таандык, абдан жакшы сакталган байыркы шаар табылды. Бул тууралуу БЕЛТА агенттиги жазды.
Археологиялык казуу иштеринин жүрүшүндө адистер турак жай кварталдарын, чиркөөнү, эки кароол мунарасын, коргонуу дубалдарын жана чатыры бар үйлөрдү табышкан.
Египеттин Байыркы эстеликтер боюнча жогорку кеңешинин башкы катчысы Хишам эль-Лейти билдиргендей, шаар атайын так схема менен курулуп, көчөлөрү түндүктөн түштүккө жана чыгыштан батышка карай кесилишкен.
Табылган буюмдардын арасында нан бышыруучу мештер, ашкана идиштери, таш тегирмендер, ошондой эле Рим императору Констанций IIнин тушуна таандык коло жана алтын монеталар бар. Мындан сырткары, соода келишимдери жазылган 200гө жакын чопо идиштердин сыныктары табылган. Египеттин Туризм жана байыркы эстеликтер министрлиги бул ачылыш өлкө Византия империясынын курамында болгон мезгилдеги коомдук турмушту жана экономиканы изилдөөдө чоң мааниге ээ экенин белгилейт.
Ошону менен бирге, Александрия шаарынан 100 чакырым алыстыктагы Марина-эль-Аламейн аймагынан дагы 18 байыркы мүрзө табылган. Ал жерден чопо идиштер, лампалар, узундугу 2,5 метрлик гранит саркофаг (адамдын сөөгү менен) жана гипстен жасалган сфинкс статуясы казылып алынды. Бул аймак биздин заманга чейинки II кылымда негизделген байыркы грек-рим порту Левкаспис шаары деп эсептелет.