Бишкек, 06.09.26. /Кабар/. 11-сентябрда Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара саат 09:00дө Кыргыз улуттук ”Манас Ордо” этнографиялык комплексинде башталат.
Айтышка өлкөнүн бардык аймактарынан тандалып алынган 16 төкмө акын катышат. Алардын арасында тажрыйбалуу акындар менен бирге чыгармачылыкта өзүн көрсөтүп келе жаткан жаш муундун өкүлдөрү да бар.
Акындар төгүп ырдоо аркылуу өлкөнүн тарыхын, эгемендүүлүк жылдарындагы өзгөрүүлөрдү, улуттук баалуулуктарды, мекенчилдикти жана элдин биримдигин даңазалашат.
Иш-чаранын максаты — кыргыздын төкмөлүк өнөрүн жайылтуу, оозеки чыгармачылыктын салттарын улантуу жана жаштардын айтыш өнөрүнө болгон кызыгуусун арттыруу.