Бишкек, 17.05.26. /Кабар/. Быйыл Эгемендик майрамына карата республика боюнча 74 объект пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба министрлигинин Турак жай, жарандык курулуш департаменттин директору Жыргалбек Медетканов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, алардын ичинде 31 мектеп, 9 бала бакча, 7 спорт комплекс, 2 саламаттык сактоо объектиси жана 5 административдик имараттар болуп 57 курулуш бар.
“Ошондой эле 12 мектеп, 1 бала бакча, 2 саламаттык сактоо, 1 таза суу объектилери жана 1 административдик имарат болгон 17 ондоп-түзөө объектилеринин курулушун бүткөрөбүз. Андан тышкары, жылдын аягына чейин 200дөн ашык объектини тапшыралы деп турабыз. Курулуштар толугу менен пайдубалынан чатырына чейин ар бир мыгы кагылганга чейин көзөмөлдө турат”,- деди Медетканов.