Бишкек, 13.03.26 /Кабар/. Эфиопиянын түштүгүндө катуу жааган жаандын кесепетинен каза болгондордун саны 107ге жетти. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, Гамо аймагындагы жер көчкү жана селден улам курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн. Учурда куткаруучулар жана издөө топтору урандылардын астында калгандарды издөө иштерин улантууда.
Эфиопиянын түштүк аймактарында 9-мартта башталган нөшөр 11-марттын таңына чейин созулган.
Жергиликтүү бийликтин айтымында, катуу жаан инфраструктурага олуттуу зыян келтирген. Айрым жолдорду суу жууп кеткендиктен, унаа кыймылы үзгүлтүккө учурап, жабыркагандарга жардам жеткирүү кыйындады.
Эскерте кетсек, мындан бир нече күн мурун коңшу Кенияда да катуу жаандан кеминде 50 адам каза болуп, 2,6 миңдей үй-бүлө коопсуз жерге көчүрүлгөн.