ЕЭК: Кыргызстанга айрым товарлар боюнча тарифтик жеңилдиктер берилди

Экономика Загрузка... 03 Февраль 2026 13:20
WhatsApp Image 2026-02-03 at 12.06.05.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 30-январда Москва шаарында өткөн жыйынында Кыргызстан үчүн айрым товарлар боюнча тарифтик жеңилдиктер берилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан үчүн төмөнкү товарлар боюнча тарифтик жеңилдиктер кабыл алынган.

Алар:

  1. Кыргызстандын демилгеси менен ири мүйүздүү малдын этине карата айрым түрлөрү боюнча 2026-жылдын 31-декабрына чейин тарифтик жеңилдик берилди. Өлкө аймагына этти алып кирүү көлөмү 5 миң тоннаны түзөт. Мурда бул көлөмдүн чегинде 15% өлчөмүндөгү импорттук бажы алымы колдонулса, кабыл алынган чечимге ылайык алымдын ставкасы 0%га чейин төмөндөтүлдү.
  2. Кыргызстан үчүн химия өнөр жайына арналган текстиль материалдарын, терини, мехти жана башка материалдарды иштетүүгө арналган товарларга карата 3 жылдык мөөнөткө кошумча тарифтик жеңилдик кабыл алынды.
  3. Тарифтик жеңилдик какао майына карата 2028-жылдын 31-декабрына чейин кабыл алынып, өлкөгө 300 тонна көлөмүндө алып кирүү каралды.
  4. Өлкөгө чийки камыш кантын алып кирүүгө тарифтик жеңилдик берилди. Импорттук бажы алымынан бошотуу 2026-жылдын 31-декабрына чейин 20 миң тонна көлөмүндө каралган.

Кабыл алынган чечимдер азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, ата мекендик кайра иштетүүчү ишканаларды колдоого, ички рынокто бааларды турукташтырууга жана даяр продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө багытталгандыгын Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы маалымдады.

“Көрсөтүлгөн тарифтик жеңилдиктер өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, импорттолуучу товардын максаттуу пайдаланылышы, анын көлөмү, ошондой эле мындай товарды алып кирген жана өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүзөгө ашырган уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган тастыктоочу документ болгон учурда колдонулат”,- деди Элимбек Каныбек уулу.

Мындан тышкары, ЕЭК кеңеши Кыргызстан үчүн турбовинттүү жарандык жүргүнчү учактарына карата тарифтик жеңилдиктердин колдонуу мөөнөтүн 2028-жылдын 31-декабрына чейин 2 даана көлөмүндө узартууну жактыргандыгын кошумчалады.