Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Европарламент авиажүргүнчүлөрдүн укуктарын кеңейткен жаңы эрежелерди жактырды. Бул тууралуу DW басылмасына шилтеме берүү менен Казинформ жазды.
Жаңы эрежелерге ылайык жаш балдары бар жүргүнчүлөр жана майыптыгы бар жарандарды коштоп жүргөндөр учактан катарлаш орундарды акысыз ээлей алышат. Авиакомпаниялар жашыруун төлөмдөрсүз, кол жүктүн баасын кошкондогу билеттин толук наркын дароо көрсөтүүгө милдеттендирилет. Ошондой эле билеттеги ысымдардын катасын оңдоо акысыз болот.
Каттам ташуучунун күнөөсү менен 3 сааттан ашык кечиксе, аралыкка жараша 250дөн 600 еврого чейин кенемте сакталат. Рейс 14 күн калганда жокко чыгарылса да ушундай эле кун төлөнөт. Жүргүнчүлөр арызды 9 айдын ичинде бере алат, ал эми авиакомпания 30 күндүн ичинде карашы керек.
Эгер каттамдын кечигүүсүнө аба ырайы, табигый кырсыктар, аэропорт кызматкерлеринин иш таштоосу же жүргүнчүлөрдүн агрессивдүү жүрүм-туруму себеп болсо, авиакомпаниялар жоопкерчиликтен бошотулат.
Эгер авиакомпания 3 сааттын ичинде башка маршрут сунуштабаса, жүргүнчү жолду өзү уюштура алат. Мындай учурда ташуучу чыгымдарды баштапкы билеттин баасынан 400%га чейинки өлчөмдө кайтарып берүүгө милдеттүү.
Жаңы эрежелер талапка ылайык толук кандуу 2027-жылдын жай айларында күчүнө кириши күтүлүүдө. Авиакомпанияларга өзгөрүүлөрдү киргизүү үчүн 12 ай убакыт берилет.