ЕАЭБ: Кыргызстан бардык көрсөткүчтөр боюнча ишенимдүү позицияны сактоодо

Экономика Загрузка... 18 Март 2026 14:00
WhatsApp Image 2026-03-18 at 10.51.46 (2).jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2025-жылы орточо эмгек акы дээрлик 10 пайызга өсүп, жумушсуздуктун деңгээли төмөндөгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу билдирди.

Анын айтымында, мындай талдоолор өлкө тарабынан берилген статистикалык маалыматтарга жана комиссиянын баалоолоруна негизделет.

“26–27-март күндөрү Чымкент шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын деңгээлинде Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибинде докладдар сунушталат. Мында күн тартибиндеги маанилүү маселелердин бири — макроэкономикалык саясаттын алкагында комиссия тарабынан даярдалган баяндамалар. Бул баяндамалар биримдиктеги учурдагы абалды чагылдырып, келечекке карата божомолдорду камтыйт. Биз эл аралык институттардын божомолдоруна таянуу менен бирге комиссиянын өз алдынча жүргүзгөн анализине да көңүл бурабыз”, — деди ал.

Белгилей кетсек, ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы өкмөт башчылардын деңгээлинде бекитиле турган бул баяндамадагы айрым маанилүү көрсөткүчтөргө токтолду:

  • ИДПнын динамикасы: Евразия экономикалык биримдигинин ичинде ички дүң продукциянын өсүү динамикасы өлкөлөр арасында олуттуу айырмаланган.
  • Инвестициялардын өсүшү: Өткөн жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанда инвестициялардын өсүү темпи тездеген.
  • 2026–2027-жылдарга карата божомолдор: Бардык көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстан туруктуу жана ишенимдүү позицияда турат. Кыргызстан ИДПнын өсүшү боюнча гана эмес, башка көптөгөн багыттар боюнча да эң жогорку көрсөткүчтөргө ээ болду.
  • Лидерлик позиция: 2026–2027-жылдарга карата божомол боюнча Кыргызстан ЕАЭБ алкагында лидерлик ордун сактап калууда. Комиссиянын баалоосуна ылайык, келерки жылы биздин ИДПнын өсүшү 9% тегерегинде болот, ал эми 2027-жылы да ушундай эле деңгээл күтүлүүдө.
  • Жумушсуздук жана айлык акы: Өлкөдө жумушсуздуктун деңгээли төмөндөгөнү байкалды. Ал эми 2025-жылы Кыргызстанда орточо эмгек акы дээрлик 10%га өстү.

Жыйынтыгында Элимбек Каныбек уулу баяндамада Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү биримдик ичиндеги ийгиликтүү жана келечектүү динамиканы көрсөтүп жатканын кошумчалады.