ЕАЭБ: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун 2030-жылга чейинки программасы бекитилди

Экономика Загрузка... 18 Март 2026 11:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.03.26 /Кабар/. Москвада өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү 2026-2030-жылдарга карата биргелешкен иш-аракеттеринин программасы бекитилди. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн жыйында ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу билдирди.

WhatsApp Image 2026-03-18 at 10.51.46.jpeg

Анын айтымында, жалпысынан Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 13-мартта өткөн кезектеги отурумунда күн тартибине ылайык 35 маселе каралып, жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынган.

WhatsApp Image 2026-03-18 at 11.30.52.jpeg
“2026-2030-жылдарга карата биргелешкен иш-аракеттеринин программасында мамлекеттердин кызматташуусун өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, калктын маалымдуулугун жогорулатуу, санариптик трансформацияны эске алуу менен бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу, ошондой эле каралган чаралардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү каралган”,- деди ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы.

Ошондой эле Кыргызстан үчүн 2032-жылдан тартып күчүнө кирүүчү өткөөл мезгилди караган “Лак-сыр материалдарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламент кабыл алынгандыгын маалымдады.

“Техникалык регламенттин талаптарын аткаруу үчүн өндүрүштүк линияларды модернизациялоо жана заманбап технологияларды киргизүү зарыл. Бул чараларды ишке ашыруу тармактагы ишканаларды этап-этабы менен адаптациялоо үчүн белгилүү бир убакытты талап кылат”, - деди ал.