ЕАЭБ алкагында илимий наамдарды өз ара таануу келишими даярдалууда

Экономика Загрузка... 18 Март 2026 12:50
WhatsApp Image 2026-03-18 at 10.51.46 (1).jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. ЕАЭБ өлкөлөрүндө илимий даражалар тууралуу документтерди өз ара таануу жөнүндө келишимдин долбоору беш мамлекеттин ортосунда макулдашылып, ички мамлекеттик процедураларга жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу билдирди.

Анын айтымында, аталган келишим Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин үстүбүздөгү жылдын февраль айында видеоконференция форматында өткөн жыйынында каралып, толугу менен макулдашылган.

“Биз бул келишимди дээрлик макулдашып бүттүк. Документ күчүнө киргенден кийин илимий даражасы бар окумуштуулар жана окутуучулар Россия, Казакстан же Арменияга бара турган болсо, ал жакта өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүн Кыргызстанда берилген даражасына ылайык жүргүзө алат. Башкача айтканда, илимий даражалар Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн эмгек рыногунда түздөн-түз таанылат. Эгер адис Кыргызстанда "илимдин доктору" болсо, Россияда да ошол эле статус сакталат. Мында кошумча аттестациядан же кайра квалификациялоодон өтүүнүн кажети жок болот”, — деди Каныбек уулу.

Бул келишим күчүнө кирсе, илимий чөйрөдөгү адистер Биримдик ичинде эч кандай тоскоолдуксуз, эркин эмгектенүүгө мүмкүнчүлүк аларын кошумчалады.