Дыйкандар спаржа, кулпунай жана малина өстүрүүгө басым жасоодо

Коом
Дыйкандар спаржа, кулпунай жана малина өстүрүүгө басым жасоодо
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда айыл чарба продукциясынын дүң көлөмү 2026-жылдын 10 айында 453,3 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу реалдуу өсүү темпи 4,7 пайызды түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы айыл чарба продукциясынын дүң көлөмү 459,7 млрд сомго жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 2,2 пайызга көбөйгөн.

“Өсүмдүк өстүрүү тармагында дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү гектарына 30,8 центнерди түзүп, мурдагы көрсөткүчтөн 2,2 центнерге жогорулады. Ошондой эле фитосанитардык көзөмөл жана зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө”,-деди ал.

Мындан тышкары, дыйкандар кирешелүүлүгү жогору болгон өсүмдүктөрдү өстүрүүгө басым жасап жатканы айтылды. Дыйкандар көбүнчө кулпунай, малина жана спаржа өсүмдүктөрүн өстүрүүнү колго алышкан. Мисалы, спаржа айдалган аянт 2,5 гектардан 60 гектарга чейин көбөйгөнү маалымдалды.

“Алдыда аймактардын климаттык шарттарына ылайык кирешелүү өсүмдүктөрдү жана жаңы сортторду жайылтуу аркылуу ар бир гектар жердин экономикалык кайтарымы жогорулатылат. Ал эми мал чарбасында 232 чарбага асыл тукум чарба макамы ыйгарылды. Фермерлерге 3 пайыздык жеңилдетилген насыялар берилип, асыл тукум мал менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө. Учурда өлкөдө эпизоотиялык абал туруктуу”,-деп белгиледи миекаб төрагасы.