Дубайдын калкынын саны 4,58 миллиондон ашты

Дүйнө Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 10:05
WhatsApp Image 2026-07-31 at 09.05.41.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Дубайдын калкы 2025-жылдын аягына карата 4,58 миллионго жетип, мурдагы жылга салыштырмалуу болжол менен 332 миңге же 7,5%га көбөйгөн. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, калктын 7,5% өсүү темпи Дубайдын тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болду.

Убактылуу жумуш жана туристтик келүүлөрдү кошкондо, эмираттагы күндүзгү орточо калк 6,392 миллионго жетет.

Калктын өсүшү Дубайдын экономикалык динамикасын чагылдырат. 2025-жылы эмираттын реалдуу ички дүң продукциясы 5,4%га өскөн. Ошол эле мезгилде Дубай 19,6 млн эл аралык туристти тосуп алган, ал эми аэропорттору болжол менен 96 млн жүргүнчүнү тейлеген.

Дубай күн сайын башка эмираттардан жана өлкөлөрдөн келген көптөгөн жумушчуларды жана конокторду тосуп алат. Адамдардын 1,812 миллиондон ашыгы жумуш, окуу, эс алуу же соода кылуу үчүн убактылуу келишет.

Бул маалыматтар транспорт жана коммуналдык инфраструктураны, турак жайды, билим берүү мекемелерин, саламаттыкты сактоо мекемелерин жана мамлекеттик кызматтарды пландаштырууда эске алынат.