Дубайдан учкан учак шашылыш Бакуга конду

Дүйнө Загрузка... 20 Январь 2026 09:15
443537df-74d3-4435-82d6-bd35ac80e05b.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Дубайдан Казань шаарына учкан FlyDubai авиакомпаниясынын учагы Азербайжандын Баку шаарына шашылыш конду. Бул тууралуу Интерфакс жазды.

Маалыматка караганда, учкуч техникалык мүчүлүштүккө байланыштуу Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортко шашылыш конууну суранган.

Boeing 737 учагы түндө Баку аэропортуна ийгиликтүү конгон.

Аэропортто бардык чаралар эл аралык авиациялык коопсуздук протоколдоруна ылайык толук жүргүзүлгөнү айтылды.