Дубайда кароосуз жаныбарларды тамактандыруу үчүн ЖИ станциялары ачылды

Дүйнө Загрузка... 11 Март 2026 13:10
WhatsApp Image 2026-03-11 at 08.49.21.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Дубайда кароосуз жүргөн жаныбарларды тамактандыруу үчүн жасалма интеллект технологиясын колдонгон станциялар ишке кирди. Бул тууралуу TimeOutDubai кабарлаганын, Интерфакс жазды.

Маалыматта белгиленгендей, долбоордун алкагында эмираттын ар кайсы аймактарына 12 станция орнотулат, алар жаныбарларга тамак-аш жана таза суу берип турат.

Станциялар толугу менен автоматташтырылган. Жасалма интеллект жаныбарларды тааныйт, алардын түрлөрү боюнча маалыматтарды чогултат. Станциялар күн энергиясы менен иштейт жана тамак-аштын корун көзөмөлдөө үчүн атайын жабдуу да коюлган.

Бул демилге жаныбарларга гана жардам бербестен, шаардын тазалыгын сактоого да багытталгандыгы белгиленди.