ДССУ: Европада катуу ысыктан миңден ашык адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 29 Июнь 2026 09:30
17826604455597453044_1200x630.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Европада бир жумалык аномалдуу ысыктан улам жогорку температурага байланыштуу 1 миң 300дөн ашык мезгилсиз өлүм учуру катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус билдиргенин АЗЕРТАЖ агенттиги кабарлады.

"21-июндан бери Европада жогорку температурага байланыштуу 1300дөн ашык мезгилсиз өлүм учуру катталды", - деп жазды ал өзүнүн X баракчасына.

Гебрейесус Европа эң тез ысып жаткан континент экенин жана андагы жылуулуктун темпи дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн эки эсе жогору экенин белгиледи.

ДССУнун башчысы Европадагы үйлөр, жумуш орундары жана мектептер мындай жогорку температураны эсепке алуу менен курулбаганын баса белгиледи.