Дональд Трамп Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Загрузка... 21 Март 2025 15:20
photo_5397778313814076051_y.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.03.25 /Кабар/. Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Бул майрам бардыгы үчүн тынчтыктын, гүлдөп-өнүгүүнүн жана жаңылануунун символу.

Ошондой эле Тажикстан менен чек аранын жакында делимитацияланышына байланыштуу куттуктоомду билдиргим келет. Бул экономикалык жана коопсуздук маселелеринде эки өлкөгө тең пайда алып келе турган олуттуу жетишкендик.

Америка эли бул тарыхый келишимди жана ал алып келе турган тынчтыкты кубаттайт. Биздин өлкөлөр заманыбыздын маанилүү чакырыктарын чечүүдө биргелешкен аракеттерди улантып жаткандыктан, Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн, көз карандысыздыгынын жана аймактык бүтүндүгүнүн туруктуу колдоочусу бойдон кала берерин билиңиз”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.