Бишкек, 04.09.25. /Кабар/. УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте Ош шаардык сотунун судьясын жана Ош шаардык прокуратурасынын кызматкерин кармады.
Атайын кызмат тарабынан сот-прокуратура тутумундагы коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш. жана Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери И.С.К. (ортомчунун ролун аткарган) тарабынан пара талап кылуу фактысы аныкталды.
Алсак, Кыргызстандын жараны УКМКнын дарегине С.Р.Ш. жана И.С.К.га карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Анда Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш. арыз ээсинин жазык иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн 4 000 доллар өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылган.
2025-жылдын 29-июлунда прокуратура кызматкери И.С.К. арыз ээсинен пара катары акча алып жаткан жеринен кармалган.
Ошол эле күнү Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш. батирине жашынып, дааратканада мурда пара катары алган акчасынын бир бөлүгүн өрттөп жиберген. Бул фактынын негизинде соттук-химиялык жана соттук-техникалык-криминалистикалык экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгында АКШ доллары түрүндөгү чет элдик банкноттор бар экендиги тастыкталган.
2025-жылдын 29-августунда КР Судьялар кеңеши С.Р.Ш. аттуу судьясын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.
Жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш. жана Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери И.С.К. "Опузалап пара талап кылуу" беренеси менен айыпталып, тергөө аяктаганга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.